Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели 29\4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 13.03.2017-жыл № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Б.Эшмамбетов атындагы орто мектебинин алдында уюштурулуп жаткан мектепке чейинки даярдоо бөлүмүнүн имаратын ремонтоого мектепке бөлүнгөн 50.000 сом, КААБ га бөлүнгөн 50.000 сом жана Кара-Кулжа шайлоо округуна бөлүнгөн 100.000 сом жалпысынан 200.000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Спортко бөлүнгөн акча каражаттан Сары-Камыш айылына 30.000 сом акча каражаты которулсун.
3. З.Бекназарова атындагы бала бакчасынын айланасын тозууга бөлүнгөн 60.000 сом акча каражаты Сары-Камыш айылына которулсун.
4. 2016-жылы төгүлбөй калган шагылдар, 2017-жылдын май айына Кара-Кулжа, 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылдарына толук төгүлсүн.
Төрага | Т. Абдыкадыров |