Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №29\5
Кара-Кулжа райондук № 26 ЖТИ нын эмгек жааматынын жалпы жыйынынын 01.03.2017-жыл № 3 жана Биймырза айылында 28-март 2017-жылда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 2 “Кара-Кулжа дарыясы аркылуу отуучу көпүрөгө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак граматасы” жана социалистик мелдештин беш жылдыктарынын женүүчүсү төш белги менен сыйланган, Кыргыз ССР Жол транспорт министирлигинин “Ардак граматасы” мамлекеттик сыйлыктын ээси маркум Бекмаматов Алмамат ардагер абабыздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимдерин бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин сегизинчи сессиясынын (V шайланган) жыйналышынын 23.04.2014-жыл № 8\2 “ Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим жана тарбия берүү, маданий жана саламаттыкты сактоо, диний, спорт мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу алардын аттарын өзгөртүүнүн тартибин жөнго салуу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук № 26 ЖТИ нын эмгек жааматынын жалпы жыйынынын 01.03.2017-жыл № 3 жана Биймырза айылында 28-март 2017-жылда өткөрүлгөн элдик жыйындын № 2 “Кара-Кулжа дарыясы аркылуу отүүчү көпүрөгө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Ардак граматасы” жана социалистик мелдештин беш жылдыктарынын женүүчүсү төш белги менен сыйланган, Кыргыз ССР Жол транспорт министирлигинин “Ардак граматасы” мамлекеттик сыйлыктын ээси маркум Бекмаматов Алмамат ардагер абабыздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечимдери канаттандырылсын жана бекитилсин.
2. Кара-Кулжа дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөгө маркум Бекмаматов Алмамат ардагер абабыздын ысымы ыйгарылсын.
3. Кара-Кулжа дарыясы аркылуу өтүүчү маркум Бекмаматов Алмамат атындагы көпүрөдөн Кара-Кулжа айылына чейинки аралыкты жарыктандыруу, көпүрөнү кезектеги оңдоо иштерине комоктошуу жагы уулу Бекмаматов Зарылбекке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Кадыровго тапшырылсын
Төрага | Т. Абдыкадыров |