Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29\6
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн социалдык багытта жакыр үй-бүлөөлөргө бөлүнгөн акча каражаттарын жеринде кароо багытында депутаттык комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык кеңешинин социалдык - маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык- экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 13.03.2017-жыл № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмѳтүнүн социалдык багытта жакыр үй-бүлөөлөргө бөлүнгөн акча каражаттарын жеринде кароо багытында төмөндөгү депутаттык комиссиянын курамы бекитилсин:
1. Жээнбеков Бактыбек:-№4 алты мандаттуу Биймырза шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты.
2. Ормокеев Айбек:-№1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты.
3. Жумабаев Айтмамат:-№2 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты.
4. Муратбеков Нурадил:-№2 он мандаттуу Совет шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты.
5. Рустамбеков Сайдали:-№1 тогуз мандаттуу 1-Май шайлоо округунун айылдык Кеңешинин депутаты.
2. Депутаттык комиссиянын курамы текшерүүнүн жыйынтыктарын, депутаттардын кошмо жыйынында талкуулап, сессияга сунуштоо жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдыкадыров |