Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели №29\9
2017-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза-суу пайдалануу үчүн тарифтердин өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө
2017-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза-суу пайдалануу үчүн тарифтерин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга карата суу керектөөчүлөрдүн таза-суу пайдалануу үчүн тарифтериндин өлчөмү 1-Май айылы боюнча көчөдөн пайдалангандар 10 (он) сомдон, короосунан пайдалангандар 15 (он беш) сом бир адамга, Кара-Кулжа, Биймырза айылдары үчүн көчөдөн пайдалангандар 12 (он эки) сомдон, короосунан пайдалангандар 20 (жыйырма) сом бир адамга бекитилсин.
2. Айыл аймагында мамлекеттик бюджетинин эсебинде турган мекеме-уюмдарга күндөөлүк керектөөчүлөрү үчүн (жууп тазалоо ж.б.) бир айына 1 м3 суу үчүн 14 (он торт) сом 21 тыйын жана коммерсиялык иш каналар үчүн бир айына 1 м3 суу үчүн 27 (жыйырма жети) сомдон түзүлгөн келишимдерге ылайык төлөө тарифи киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айыл Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Токтомушовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Абдыкадыров |