Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-апрели № 29\11
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде каттоодо турган Тынчтык атындагы багынын бүгүнкү күндөгү жана түзүлгөн келишимдин аткарылышынын абалы жөнүндө
Тынчтык атындагы багынын бүгүнкү күндөгү келишимдин аткарылышынын абалы жөнүндө жумушчу курамдын катышуусунда түзүлгөн 3-март 2017-жылдагы бак-дарактарды инвентаризациялоонун жыйытыгынын АКТ сын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде каттоодо турган Тынчтык атындагы багын ижарага алгандагы түзүлгөн келишимдин аткарылышы канаттандырарлык эмес деп белгиленсин.
2. Тынчтык атындагы багы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарылып алынсын.
3. Тынчтык атындагы багындагы бак-дарактарды инвентаризациялоонун жыйытыктап, типтүү келишимдин негизинде Тынчтык атындагы багынын ижара келишими жаныдан түзүлсүн.
4. Тынчтык атындагы багын корктондуруу, жашылдандыруу жана жаны көчөттөрдү отургузуу, жер кыртышындагы нымдуулукту сактоо аракеттерин күчөтүү жагы ижарачы милдеттендирисин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдыкадыров |