Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну №6/4
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №107 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Кыштак айлында жайгашкан №107 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө жакшы шарт түзүү максатында, бания куруу үчүн Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү №107 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнө жакшы шарт түзүү жана алардын коопсуздугуна кам көрүү максатында, бания куру үчүн даярдалып жаткан долбоорго, айыл өкмөтүнүн бюджетинин 20,000 (жыйырма миң ) сом ажыратылып, өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Досатовго милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миталипов |