Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-июну № 6/3
Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылында жайгашкан «Көгүчкөн» балдар бакчасынын айланасын тосууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кайтпас айлында жайгашкан «Көгүчкө-Кайтпас» балдар бакчасында тарбиялануучу балдарга жакшы шарт түзүү максатында, балдар бакчанын айланасын (кун чыгыш тарабын) метал профель менен тосууга Кадамжай райондук өнүгүү фондунун колдоосу менен даярдалып жаткан долбоорго колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кайтпас айылында жайгашкан «Көгүчкөн-Кайтпас балдар бакчасында тарбиялануучу балдарга жакшы шарт түзүү жана алардын коопсуздугуна кам көрүү максатында, балдар бакчаынын айлансын метал профель менен тосуу боюнча даярдалып жаткан долбоорго, айыл өкмөтүнүн бюджетинин 38 794 (отуз сегиз мин жети жүз токсон төрт ) сом ажыратылып, өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Досатовго милдетендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет боюнча түзүлгөн туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Миталипов |