Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 53
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Тажибаев Авдижапар Жеенбаевичтин арызы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Тажибаев Авдижапар Жеенбаевичтин башка жумушка өткөндүгү байланыштуу берген арызын канаатандыруу максатында, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Тажибаев Авдижапар Жеенбаевичтин башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу берген арызы канаатандырылсын.
2. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги депутатын аныктап берүү жагы Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүН.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |