Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3- августу № 54
Жаңы-Жер айлындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган өндүрүштүк аймакка логистикалык борбор ачуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган өндүрүштүк аймакка логистикалык борбор ачуу боюнча даярдалган маалыматтарды угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылынын күн чыгыш тарабындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган № 470, 487-контурларындагы 50га өндүрүштүк аймактын 10га жерине логистикалык борбор ачууга макулдук берилсин.
2. Логистикалык борборду ачуу үчүн ажыратылган 10га жер аянты аукциондун негизинде ижарага берилсин.
3. 10га жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
4. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |