Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 55
Кайыңды айылына 50 орундуу бала бакча куруу үчүн 0,25га жер аянты жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына 50 орундуу бала-бакча куруу боюнча даярдалган маалыматтарды угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына 50 орундуу бала-бакча курууга 0,25га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына 50 орундуу бала-бакча курууга 0,25га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Бала-бакча үчүн ажыратылган 0,25га жер аянтынын мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |