Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 97
Токтогул шаарынын Даңканай кичи районундагы
Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин 01.07.2016-жылдагы № 176 сунушу, Токтогул шаарынын тургуну Элвира Жакыпованын 17.06.2016-жылдагы кайрылуу каты Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясынын жыйналышында каралып, жыйынтыгында Токтогул шаарынын тургуну, маркум Жакыпов Кален, кесипкөй врач катары өзүнүн эмгек жолундагы үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” наамы жана башка көптөгөн жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйлангандыгы эске алынып, туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечими кезектеги XIX сессиясына сунушталды.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын чечимин жана башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын Даңканай кичи районундагы муниципалдык менчиктеги Үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына Токтогул шаарынын тургуну, мыкты врач, Кыргыз Республикасынын “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” наамынын ээси, маркум Жакыпов Календин ысымы ыйгарылсын.
2. Аталган имараттын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, айлана-тегерегин көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иштерге колдоо көрсөтүп туруу жагы К.Жакыповдун үй бүлөсүнөн (балдары,кыздары, туугандары) суралсын.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К.Дербишев |