Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу №56
С.Ниязалиевдин жеке арызы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну С.Ниязалиевдин ижарага алган жерине эккен дарбыздары куурап кеткендиги боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын тургуну Ниязалиев Сапарали Дара айыл өкмөтүнөн ижарага алган жеринен 2017-жыл үчүн ижара акысы 50% арзандатылууга макулдук берилсин.
2. Ижара акыларынан арзандатуу боюнча иштерди мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Дара айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |