Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 58
“Нур Телеком” ЖЧКна уюлдук антенна орнотууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер орто мектебине тийешелүү болгон жердин пайдаланылбай жаткан жерден “Нур Телеком” ЖЧКна уюлдук антенна орнотууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү катын талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер орто мектебине тийешелүү болгон жердин пайдаланылбай жаткан жерден “Нур Телеком” ЖЧКна уюлдук антенна орнотууга 0,25м2 жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. “Нур Телеком” ЖЧКна уюлдук антенна орнотууга 0,25м2 жер аянты келишимдин негизинде ижарага берилсин.
3. 0,25м2 жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
4. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |