Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 59
Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүнүн 2 км жолун КР транспорт министрлигинин баланска өткөрүп берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүнүн 2 км жолун КР транспорт министрлигинин баланска өткөрүп берүү боюнча билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз VII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын борбордук көчөсүнүн 2 км жолун КР транспорт министрлигинин баланска өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |