Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-августу № 60
Жаңы-Жер айылына дарыкана куруу үчүн 0,02 жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылына дарыкана курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүүнү талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылына дарыкана курууга 0,25 м2 жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Жер айылына дарыкана курууга 0,25 м2 жер аянты аукциондун негизинде ижарага берилсин.
3. 0,25 м2 жер аянтынын ижаралык баштапкы баасын аныктоо жагы Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
4. Мыйзамдуу иш кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |