Редакцияот 12.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ничке-сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2013-жылдын 12-январы №3

Ничке-Сай айылдык кеңешинин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ничке-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ничке-Сай айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде гана жазылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Н. Мусаевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

Төрага

Р. Акжолова