ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 22-майы № 5/3
Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" 2013-жылдын 19-январындагы мыйзамын жетекчиликке алып, ал мыйзам 2013-жылдын 01-мартында күчүнө киргендигине байланыштуу, айылдык кеңештин сеесияларында кабыл алынган жана ала турган токтомдорун, Кыргыз Республикасынын 2007-2009-жылдагы № 184 токтомун жана 2013-жыл 19-январындагы токтомго өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү токтомдорун жетекчиликке алып, Деппутаттардын Жаңы-Арык айылдык Кеңешинин V-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык, айылдык кеңештин аймагындагы жайланышкан адамдардын 99 % мамлекеттик тилди билишкендиктен айылдык кеңештин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Арык айылдык Кеңештин төрагасы М. Шерматовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Шерматов |