Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-январы № 4/1
Чалма айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө
1.Чалма айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндө Чалма айыл Өкмүтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Козуев Алманбет Бакытбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын жыйынтыгы менен бюджетинин аткарылышынын абалы жөнүндөгү Чалма айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Козуев Алманбет Бакытбековичтин маалыматы эске алынсын.
2. Акча каражатын алган кызматкерлерге тиешелүү документтерин айыл Өкмөтүнүн Финансы-Экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, муниципалдык менчик, маалымдуулук, инвестиция, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Кадыркулов |