Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-май 2016-жыл № 27-5/2
Мини-футбол талааларын куруу үчүн, "Восход" кичи районунан бөлүнүп берилген эки жер тилкеcинин ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Ысык-Көл областынын футбол федерациясынын регионалдык директору А.Усуповдун, 2016-жылдын 11-майындагы кир.№01-7/194 "Мини-футбол талааларын куруу үчүн, "Восход" кичи районунан бөлүнүп берилген эки жер тилкесинин ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү" катын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 17-майындагы корутундусун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык мэриясынын ММБДси, мини-футбол талааларын куруу үчүн, "Восход" кичи районунан бөлүнүп берилген эки жер тилкесинин ижара мөөнөтүн 2030- жылга чейин узартсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов
|