ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чалма айылдык кеңешинин кезектеги 5-сессиясынын (VI шайланган) заседаниеси
2017-жылдын 18-марты № 5/1
Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа айылындагы Шимек участкасынан таштандыларды төгүү үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чалма айылдык Кеңешинин кезектеги VI шайланган бешинчи сессиясынын депутаттарынын № 5/1 токтомунун 2017-жылдын 18-мартындагы Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа айылындагы Шимек участкасындагы жер аянтарынын контуру боюнча эсептеген Шифр № 2206 китептеги маалыматка ылайык, суралган жер тилкеси төмөндөгүдөй жер багытынан турган № 531 таштуу жайыт = 0,8га № 535 таза жайыт 0,5га (Кыргызмамжердолбоор институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын архивдик материалдардын негизинде) жер аянтын бөлүү боюнча талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна негиз Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл аймагынын Токбай-Талаа айылындагы Шимек участкасындагы контуру боюнча №531 таштуу жайыт = 0,8га №535 таза жайыт 0,5га жер аянттары атайын таштанды төгүү үчүн бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |