Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-марты № 5/2
Чалма айыл Округунун айылдык Кеңешинин №18 мартынын 2017-жылдагы VI шайланган сесиясынын депутаттарынын токтомунун негизинде Токбай-Талаа айылындагы Б.Исаев орто мектебине караштуу муниципалдык менчиктеги жер участогунан жаӊы курула турган спорт зал ээлигине жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Чалма айыл Округунун айылдык Кеңешинин №18 мартынын 2017-жылдагы VI шайланган сесиясынын депутаттарынын токтомунун негизинде Токбай-Талаа айылындагы Б.Исаев орто мектебине караштуу муниципалдык менчиктеги узуну 24 (жыйырма төрт), туурасы 13(он үч) жер участогунан жаныдан уюшулган спорт зал үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча актысын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна негиз Чалма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл Өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Б.Исаев атындагы орто мектебине караштуу муниципалдык менчиктеги узуну 24 (жыйырма төрт), туурасы 13(он үч) жер участогунан жаныдан уюшулган спорт зал ээлигине жер аянты бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин агрардык азык–түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн Жер, жерге жайгаштыруу жана Муниципалдык менчик боюнча башкы адиси У. Боромбаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Кадыркулов |