Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-январы № 1
Кара-Алма айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кара-Алма айылдык Кеңешинин Регламентин Кара-Алма айылдык Кеңешинин № 1 кезектеги сессиясында карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айылдык Кеңешинде түзүлгөн типтүү регламенти бекитилсин.
1. Төрага жөнүндө
1.1.Тиешелүү Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
1.2. Катталган бир талапкер, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
1.3. Эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
1.4. Экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер добуштардын көбүрөөк тең санын алса, ал эми башка талапкерлер азыраак добуш алса, добуштардын көбүрөөк тең санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде экинчи турда талапкерлердин бири да тийиштуу добуш ала албаса анда экинчи турда көбүрөөк добуш алган жалгыз талапкер боюнча үчүнчү тур өткөрсө болот. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
1.5. Добуш берүүнүн ушул беренеде каралбаган натыйжаларын аныктоодо башка кырдаалдар келип чыккан учурда, кайра шайлоо өткөрүлөт.
1.6. Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү "бардык талапкерлерге каршы" позициясы үчүн берилсе, кайра башка талапкерлер боюнча шайлоо өткөрүлөт.
2. Төраганын орун басары жөнүндө.
2.1. Төраганы орун басарын төрага жана депутаттар сунуштаган талапкерлер боюнча шайлоо өткөрсө болот.
2.2. Эгерде төраганын орун басарына талапкерлер көп болсо анда жашыруун добуш берүү менен төраганы шайлоо жөнүндөгү жогорудагы регламенттин негизинде шайланат.
3. Ушул регламенттин аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Омошов |