Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 27-5/3
Шевченко атн.көчөнүн атын өзгөртүп, Салый Деркенбаева атн.көчө деп атоо жөнүндө
Каракол шаарыны мэринин 2013-жылдын 24-июнундагы кир.№1/16-962 катын, Шевченко атн.көчөсүнүн тургундарынын жыйналышынын протоколун карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шевченко атн.көчө, аталыштары өзгөртүлбөй турган көчөлөрдүн тизмегинен чыгарылсын.
2. Салый Деркенбаеванын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алуу менен, бөтөнчө шартта, Шевченко атн.көчөнүн аталышы өзгөртүлүп, Салый Деркенбаева атн. көчө деп аталсын жана маркумдун жакын туугандары жоктугуна байланыштуу, демилгелүү топ, Каракол шаарынын мэриясынын атайын эсебине 100 000 сомду төлөөдөн бошотулсун.
3. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдатып, бурчтагы үйлөргө тагууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар кеӊешинин төрагасы |
Э.Айсаракунов |