Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктуна жана Кара-Алма айыл өкмүтүнун башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2017-жылдын 23-январындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Кара-Алма айылдык Кенешинин кезектеги 2- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколу бекитилсин.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Алимов Илимбек Турдалиевич Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Э. Омошев |