Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04- марты №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышын, 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун 2018-2019 жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга аткарылышын, 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун, 2018-2019 жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңешинин 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча Киреше бөлүгү 7462.0 миӊ сомго, Чыгаша бөлүгү-7212,6 миӊ сомго, Калдык- 249,4 миӊ сом болуп №-1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Шералиеванын билдирүүсү эске алынып, 2017-жылдын 1-январына карата калган 249,4 миӊ сом (жергиликтуу кирешеден 225,4 мин сом, атайын каражаттан 24 миӊ сом) калдык айылдык Кеңештин чечиминин негизинде, Имараттар жана курулмалар беренеси боюнча Билим берүү бөлүмүнө, Сай участкасына курулган бала бакчаны АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун негизинде бүткөрүү үчүн өздүк салым катары жумшалсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга кирешелери атайын каражат менен кошулуп 6267,8 миӊ сом өлчөмүндө анын ичинде (теңдөө гранты 4537,3 миң сом, жергиликтүү кирешелери 1730,5 миң сом) салыктын түрлөрү боюнча № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. Ал эми болжолу: 2018-жылга 6399,9 миӊ сом, 2019-жылга 6666,3 миң сом өлчөмүндө жактырылсын.
3. Айыл өкмөттүн 2017-жылга бюджеттик чыгымдары, бөлүмдөр жана статьялар аралык бөлүнүшү 6267,8 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Теңдөө грантынын өлчөмү 4537,3 миң сом көлөмдө белгиленсин жана аны пайдалануу № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2017-жылга комуналдык чыгымдардан кредитордук карыздарды болтурбоо максатында Республикалык бюджеттен берилген теңдөө гранты жана жергиликтүү бюджеттен салык жана салык эмес жыйымдардан түшкөн кирешелер биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди ( комуналдык кызматтар, эмгек акы, соц фондго чегерүү) каржылоого багытталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомуна ылайык аппарат кызматкерлеринин штат бирдиктери кармалып жана № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кара-Алма айылдык маданият кызматкерлеринин эмгек акысы боюнча КРнын Өкмөтүнүн № 863 токтомунун негизинде штат бирдиги № 6 тиркемеге ылайык кармалсын жана эмгек акысы төлөнүп берилсин.
8. Жеригиликтүү бюджет эсебинен Казыбеков Таалай жаңы курулуп жаткан балдар бакчасына кароолчу катары эмгек акысы 0,5 штат бирдигинде № 7 тиркемеге ылайык төлөнүп берилсин.
9. 2017-жылга электр энергиянын лимити 102,7 кВт өлчөмдө бюджеттик мекеме уюмдар аралык бөлүнүп бекитилип, лимитинин сакталышы боюнча жоопкерчилик мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин № 8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептердин мугалимдерине КРнын билим берүү министирлигинин мыйзамдарына ылайык жаш мугалимдердин айылга келип иштешине ар тараптуу шарт түзүп жана жардам берүү максатында жаш мугалимдерге жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып 7000 (жети миӊ) сомдон 3 мугалимге 21000 (жыйырма бир миӊ) сом жөлѳк пул ( подьемный) төлөп берүү жана «Мугалимдер күнүнө» карата 73 мугалимге 500 (беш жуз) сомдон 36500 (отуз алты миӊ беш жүз) сом мугалимдерге акчалай төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
11. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2017-жылга чыгымдары 3152,2 миӊ сом бѳлүп № 9 тиркемеге ылайык бектилсин.
12. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Маданият бөлүмүнүн 2017-жылга чыгымдары 668,9 миӊ сом бѳлүп № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Билим берүү бөлүмүнүн 2017-жылга чыгымдары 861,3 миӊ сом бѳлүп № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
14. Айыл аймакта жайгашкан үч айылды социалдык инфраструктурасын көтөрүү максатында (жолдорду, суу түтүктөрүн, кардан тазалоо, арык каздыруу, шагыл төгүү, көчкүлөрдү тазалоо ж.б. учурдагы оңдоо ЖКХ) 996900 миң сом акча каражаты № 12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл аймактын башчысынын резервдик фонду 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
16. Айыл өкмөтүнүн жеригиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2017-жылдын 1-январына карата 20,0 миң сом суммасында белгиленсин.
17. Жыл ичинде пландан ашыкча түшкөн салык жыйымдары айылдык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушталып айылдык Кеңештин чечиминин негизинде пайдалануусу белгиленсин.
18. 2016-жылга КРнын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн жыйналган атайын каражаттары казналык системасы аркылуу пайдаланылсын.
19. Айыл аймагындагы жашаган жакыр,каары,жарым жетим,тоголок жетим,оруулуларга 426,5 миң сом акча каражаты бөлүнуп № 13 тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Айыл аймактын бюджетинин чыгашаларынын бардык тиркемелери айылдык Кеңештин төрагасынын колу жана мөөрү менен бекитилсин.
21. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы И.Алимовко милдеттендирилсин.
22. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Омошев |