Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-марты № 2
Сузак районунун административдик аймагында жайгашкан, Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой чарбасы убактылуу пайдаланып жүргөн Жаз-Кечүү аймагындагы Сузак районуна караштуу 5812 га жерди, Орток токой чарбасына кайтарып өткөрүп берүү жөнүндө
1. Сузак районунун административдик аймагында жайгашкан 5812 га жерди 2017-жылдын 4-март күнүнө чейин, Базар коргон районуна караштуу Кызыл-Үнкүр токой чарбасы пайдаланып келет. Бүгүнкү күндө токой чарбаны өнүктүрүүдө жана токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү жумуштарын толук кандуу аткаруу үчүн аталган 5812 га жерди, Орток токой чарбасына өткөрүп берүү зарыл. Себеби жол каттамы Орток токой чарбасынын аймактары аркылуу өтөт жана жакын жайгашкан.Эгерде мыйзамсыз токой кыйуулар болсо же өрт катталган болсо, Кызыл-Үнкүр токой чарбасы тез арада чара көрө албайт. Анткени авто унаа жолу жок, ат унаасы менен каттап жатышат жана алыс.Кызыл-Үнкүр токой чарбасынын кеңсесине 30-35 чакырым татаал шартта ат жол бар. Мындан ары Кызыл Үнкүр токой чарбасынын шарты жок экендигин эске алып, 5812 га жерди Орток токой чарбасына өткөрүп берүү жагы курч бойдон тургандыктан Орток токой чарбасына кечиктирилбестен өткөрүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун кабыл алган чечимине ылайык Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Т.Маматовго тийиштүү акимчиликтин токтому кабыл алынып иш чараларды көрүү боюнча сунушталсын.
3. Орток токой чарбасына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча тийиштүү иш чараларын уюштуруу жана өнүктүрүү максатында финансы каражаттарын Мамагенттик аркылуу жүргүзүлүшү жөнүндө маселени карап чечип берүү иштери,Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл аймактын башчысы И.Алимовко милдеттендирилсин.
5. Токтом айылдык Кеңешинин төрагасынын колу жана мөөрү менен бекитилсин.
Төрага | Э. А. Омошов |