Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июну №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылы бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 6 айынын киреше жана чыгашаларын эске алуу менен финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңешинин 5 сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесине 100,0 мин сом, акча каражаты ушул эле бөлүмдүн имараттар жана курулмалар беренесинин, беренелер аралык (статья) жылдырылсын.
2. 100,0 мин сом, акча каражаты Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагына санариптик теле берүүнүн, чагылдыруучу аппаратын орнотууга жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыя болгон күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Омошев |