Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы № 27-5/4
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлордун жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Э.Айсаракуновдун 2016-жылдын 17-майындагы чыг.№01-8/128 катын карап жана талкуулап, аткарылган иштердин сапатын аныктоо жана Каракол шаарынын муниципалдык ишканалары бюджеттик каражаттарды туура пайдаланылышын текшерүү максатында, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жана Каракол шаардык депутаттар кеңешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаардык депутаттар Кеңешине, 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлордун жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (М.С.Раматов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар кеӊешинин төрагасы |
Э.Айсаракунов |