Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-июль №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын бекитүү жана бюджеттин сметалык чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмүтүнун жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда бекитилген бюджеттин киреше жана чыгашаларын эске алуу менен финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнө Республикалык бюджеттен бөлүнүп келген 900,0 миӊ сом акча каражаты, төмөнкүдөй бөлүмдөр жана беренелерге бекитилсин.
1.1.Кара-Алма айыл өкмөтүнө караштуу мектептер, балдар бакчасы, аппарат жана маданият бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилдери үчүн көмүр менен камсыз кылуу үчүн , көмүр сатып алууга 522,5 миӊ сом бекитилсин.
1.2.Кара-Алма айыл өкмөтүнүн электр –энергияга болгон карызын төлөө үчүн 50,0 миӊ сом акча каражаты бекитилсин.
1.3.Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жакыр, орулуу үй-бүлөлөрдүн арыздарын канааттандыруу максатында, социалдык камсыздоого 50,0 миӊ сом бекитилсин.
1.4.Кара-Алма айыл өкмөтүнүн айыл ичиндеги ички жолдорун оңдоого, шагыл төгүүгө 277,5 миӊ сом бекитилсин. Анын ичинде 50,0 мин сом Орток айылына, 227,5 миӊ сом акча каражаты Кара-Алма айылына жумшалсын.
1.5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы И.Т.Алимовко, аткарууну ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиевага милдеттендирилсин.
2. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет.
Төрага | Э. А. Омошев |