Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-август №2
Кара-Алма айыл өкмөтүнө караштуу эски мончону толук бузуп, оордуна жаңыдан мончо курууга уруксат берүү жөнүндө
Кара-Алма айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап 7-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган эски мончонун оордуна жаңы типтеги мончо курууга уруксат берилсин.
2. Эскилиги жеткен мончону толук буздуруп таштандыларын ташытып чыгаруу жана жер аянтчасын тастыктап берүү жагы, жер адис милдетин аткаруучу айыл башчы К.Алимжановко тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кара-Алма айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Соронбаев |