Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-сентябры №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылда бекитилген бюджеттин киреше жана чыгашаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнун аткарылышын талкуулап жана айыл өкмөттүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына жолдонгон , 2017-жылдын 19-апрелиндеги № 106 каттын негизинде республикалык бюджеттен келген акча каражатынын унөмдөлгөн бөлуктөрун бекитүү жөнүндө, айыл өкмөттүн Финансы-Экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылда жаӊыдан курулуучу мончонун курулушуна республикалык бюджеттен суралган акча каражатын, быйылкы жылда курулуштун болбой калгандыгына байланыштуу учурда ондоолорго (шагыл төшөөгө) бекитилсин.
2. Кара-Алма айыл ѳкмѳтүнүн республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн акча каражатын жумшоодо мамлекеттик сатып алуулар порталынан үнѳмдѳлгѳн акча каражаттарын учурда ондоолорго (шагыл тѳгүү) бекитилсин.
3. Кара-Алма айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджет эсебинен ѳткѳрүлгѳн тендерлерден калган үнѳмдѳлгѳн акча каражаттары жыл башында бекитилген беренелерге жумшоо бекитилсин
4. Токтом массалык маалымат каражатына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |