Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-октябры №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылда бекитилген бюджеттин киреше жана чыгашаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Шералиеванын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылда республикалык бюджеттен көмүр сатып алуу жана жаңыдан курулуучу мончонун курулушуна суралган акча каражаттарынын эсебинен, керектелүүчү республикалык бюджеттен суралган акча акча каражатын, быйылкы жылда курулуштун болбой калгандыгына байланыштуу 277,5 миң сомду айыл ичиндеги жолдорду оңдоого (шагыл төшөөгө) жумшоого бекитилсин.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн республикалык бюджеттен көмүр сатып алуу үчүн бөлүнгөн акча каражатын жумшоодо мамлекеттик сатып алуулар порталынан үнөмдөлгөн 97,8 миң сом акча каражаттарын ЖКХ бөлүмүнүн учурда оңдоолор беренесине (шагыл төгүүгө) бекитилсин.
3. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүүбюджет эсебинен өткөрүлгөн тендерлерден калган үнөмдөлгөн акча каражаттары жыл башында бекитилген беренелерге жумшоого бекитилсин.
4. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн 2017-жылга электр энергияга бекитилген акча каражатынан 67,9 миң сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдар беренесине (жаңы жыл майрамына карата иш-чарага) бекитилсин.
5. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жыл башында жаңы курулган балдар-бакчанын курулушун улантууга жергиликтүү бюджеттен салым катары бекитилген 400,0 миң сом акча каражатын жумшалбай калгандыгына байланыштуу, 100,0 миң сомду Орток маданият үйүнүн чатырын алмаштырууга тинике сатып алууга, 200,0 миң сому столба сатып алууга, 100,0 миң сомуЖКХ бөлүмүнүн ар түрдүү чыгымдарына жумшоого бекитилсин.
6. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
7. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К. Сооронбаев |