Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 5
Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин Байкоочу кеңешине Ничке-Сай айыл аймагынан атайын өкүл дайындоо жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы Жаңыбаев Асанбек Алмусаевичтин сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айыл аймагынын Жергиликтүү Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин Байкоочу кеңешине Ничке-Сай айыл аймагынан атайын өкүл болуп Жумаев Шаршен Кыштообекович бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |