Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 31-майы №27-5/5
Паркты уюштуруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
"Дестинация Каракол" КБнин аткаруучу директору Р.Джамалованын 2016-жылдын 11-майындагы кир.№01-7/191 арызын жана Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын 2016-жылдын 31-майындагы чыг.№06-07/142 катын карап жана талкуулап, макулдашуу баракчасын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын V сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, ММБД менен бирдикте, Каракол суусунун боюндагы, Искаков атн.көчөсүнөн Ворошилов атн.көчөсүнө чейинки, 1,6 га өлчөмүндөгү жер тилкесин "Дестинация Каракол" КБне "River Park" уюштуруу үчүн, ишенимдүү башкарууга, 10 жылдык мөөнөткө берсин.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы паркты уюштурууга колдоо көрсөтсүн жана берилген жер тилкесинин максатуу пайдаланылышын көзөмөлгө алсын.
3. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, "Дестинация Каракол" КБси менен, курулуш иштери 1 жылдын ичинде бүтпөсө, келишим бузула турган шартты камтыган жана ишкердик катышуу иретинде: жумуштарды, кызматтарды жана жер тилкени бөлүп берүүнү эсепке алган, келишимди түзсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча (Б.О.Сабатаров) жана жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча (М.О.Сагымбаев) туруктуу комиссияларына жана биринчи вице-мэр К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин төрагасы |
Э.Айсаракунов
|