Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017 -жылдын 06-марты № 6
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө
Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга сунуш кылынган бюджеттин долбоору боюнча айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Л.Жунусованын маалыматын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча мурдагы ФЭБнүн башчысы Т.Кулунбаеванын отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. 2017-жылга карата Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн киреше бөлүмү 3809,5 миң сом тендөөчү грант, 1114,0 миң сом жергиликтүү бюджет, 1219,0 миң сом атайын каражатын кошкондо, 5028,5 миң сомго чыгаша бөлүгү бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамынын негизинде айыл аймагынын өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2017-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% өлчөмүндө 50,0 миң сомго бекитилсин.
4. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсүнө карата сессияларга маалымат берүү жагы ФЭБнүн башчысы Л.Жунусовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комисияга милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |