Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-марты № 8
Жайыт комитетинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин Акылбек уулу Айбектин 2017-жылга сунуштаган бюджетинин долбоорун угуп Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2017-жылга түзүлгөн бюджетинин долбоору бекитилсин.
2. 2017-жылга жылкы-уй малдар үчүн ар бир башына 100 (бир жүз) сом, кой-эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жыйымы белгиленсин.
3. Сырттан келген жылкы-уй малдар үчүн ар бир башына 100 (бир жүз ) сом, кой-эчкилер үчүн ар бир башына 20 (жыйырма) сомдон салык жыйымы бекитилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |