Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-марты № 9
Айыл өкмөтүндө ветеринариялык иштердин жүрүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Айыл өкмөттүн ветеринар адиси Т.Табылдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн ветеринар адиси Т.Табылдиевдин 2016-жылда жүргүзгөн иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Малдардын жугуштуу ооруларынын алдын алуу боюнча чараларды көрүү, лабораториялык анализдерин алып текшерүү, вакцинациялык иштерин жүргүзүү жагы ветерина адиси Т.Табылдиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |