Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-апрели №11
ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1467,9 жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-апрель 2006-жылдагы №261 токтомунун жана ОсОО «Кирекс оф минералс» ишканасына берилген №5149 АП лицензиянын негизинде Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО «Киреск оф минералс» ишканасына Ничке-Сай айыл аймагына караштуу 1467,9 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери мыйзам чегинде жүргүзүлүшүн камсыз кылуу жагы Ничке-Сай айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |