Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын06-апрели №12
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 19-декабрындагы кеңешмесинин № 18-145 сандуу тапшырмасын жетекчиликке жана аткарууга алуу максатында Жергиликтүү өз алдынчва башкаруу органдарынын карамагында жайгашан “Кыргыз Почтасы” МИнын Токтогул райондук бөлүмүнүн айылдык почта байланыш бөлүмдөрүнүн имараттарын же ижарада турган объектилерин тактоо жана баланска өткөрүп берүү жөнүндө Токтогул Райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 5-январындагы №2 буйругунун негизинде Ничке-Сай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратынын гос.актысы даярдалып бутпөгөндүгүнө байланышту Ничке-Сай айылдык өкмөтүнүн имаратында «Кыргыз Почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмүнүн айылдык почта байланыш бөлүмү бүгүнкү күнгө чейин иш алып барып жаткан бөлмө «Кыргыз Почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмүнүн айылдык почта байланыш бөлүмүнүн менчигине өткөрүлүп берилбесин.
2. «Кыргыз почтасы» МИнын Токтогул райондук бөлүмүнүн айылдык байланыш бөлүмүнө имарат куруу максатында Ничке-Сай айыл аймагынан 150 кв.м жер бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |