Загрузка документа…
СЕМЕНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-февралы № 5
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын октябрь айынын 17деги №231 “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун жана Салык Кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмүн иш жүзүнө ашыруу максатында жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү үчүн Семенов айылдык Кеңеш талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январынан баштап, Семенов айыл аймагында төмөндөгүдөй жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин:
-айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы
- короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн
- мүлк салыгы 1-2-3 тобу
2. К.З Зоналдык коэффиценти төмөндөгүдөй бекитилсин:
-айыл чарба багытындагы эмес жер салыгына -1,2;
-короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы -1,0
-мүлк салыгынын 1,2,3 группаларынын мүлк объектилерине жана жер салыгынын Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде.
3. Аныкталган токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомду “Ысык-Көл баяны” газетасына жана Семеновка айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн сайтына чагылдыруу жагы тапшырылсын.
5. Токтом 2016-жылдын бирдин айынын 20сынан тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышы Семеновка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Турдакуновко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун көзөмөлдөө жагы “Семенов айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулук, коомдук тартипти чыңдоо, калкты социалдык жактан коргоо жана коомдук уюмдар менен байланыш” маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Бугубаев |