Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №16
Малды көчүрүү ,бада акысын бекитүү, эгинге түшкөн малга камак уюштуруу жана айып пул чектөө жөнүндө
Айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин жана жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбектин сунуш-малыматтарын угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынындагы малды жайлоого көчүрүү убактысы 1-майдан 15-майга чейин деп белгиленсин. Ал эми мал жайлоодон 1-октябрдан эрте көчүп келбесин. 15-майга чейин жайлоого көчпөгөн жана жайлоодон 1-октябрдан эрте көчүп келип алган бадачыларга 5000 (беш миң) сом айып пул салынсын.
2. Жайлоого көчүрүлгөн малды 2017-жылдын 1-июнуна чейин жакынкы жайыттарга (Башкы Булакка чейин) ал эми 1-июндан кийин алыскы жана ортоңку жайыттарга (Бел-башат, Бөк-Дөбөдөн нары) кондуруу жагы бадачыларга эскертилсин.
3. Бада акысы ар бир баш жандык мал үчүн бир айга 50 сомдон, бодо малга 300 сомдон белгиленсин жана жайыт акы, 4 пайыздык пайдадан түшкөн салык да бадачыдан алынсын. Жайытты сарамжалдуу пайдалануу жана малды жакшы багуу максатында бадачы жандык малдын санын 1000 ден ашырбасын.
4. Эгинге түшкөн малды камоо үчүн Түнтөй участкасында Абдразаков Дөөлөталынын сарайына, Чабар участкасында Тыналиев Айдарбектин сарайына мал камак уюштурулсун.
5. Эгинге түшкөн малга төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
Биринчи жолу эгинге түшкөн ар бир баш бодо малга–300 сомдон
Экинчи жолу эгинге түшкөн ар бир баш бодо малга–500 сомдон
Үчүнчү жолу эгинге түшкөн ар бир баш бодо малга–1000 сомдон
Эгинге түшкөн ар бир жандык малга–50 сомдон
6. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Жаңыбаевдин жана жайыт комитетинин төрагасы Акылбек уулу Айбектин жеке жоопкерчиликтерине жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңещтин орун басары М.Ниязбековага жана тиешелүү комиссияга тапшарылсын.
8. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |