Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №17
«Күрөң» каналында жүрүп жаткан оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын «Күрөң» каналында жүрүп жаткан оңдоо иштерин сапатын жеринде көзөмөлдөө максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
Осмоналиев Кеңешбек –айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын төрагасы
Осмонтаев Табылды – айыл тургуну, мүчөсү
Мокошов Куттубек – айыл тургуну, мүчөсү
Каракожоев Кыштообай –айыл тургуну, мүчөсү
Сатымкулов Шадыкан – айыл тургуну, мүчөсү
Түмөнбаев Эркин – айыл тургуну, мүчөсү
Ызаков Сансыз – айыл тургуну, мүчөсү
Тиленбаев Эркин – айыл тургуну, мүчөсү
Бакеев Эрлан – айыл тургуну,мүчөсү
2. Түзүлгөн комиссия «Күрөң» каналынын оңдоо боюнча жасада турган иштеринин аткарылышы боюнча сапатын аныктап чыгышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин орун басары М.Ныязбековага жана тиешелүү комиссияга тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |