Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №18
Ничке-Сай айыл аймагынын участкалык инспектору Н.Кочкоровдун кайрылуу сунушун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңещинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагында коопсуздукту сактоо, кылмыш иштерин алдын алуу жана чакыруу болгон жерлерге өз убагында барып жеринде чара көрүү үчүн участкалык инспектор Н.Кочкоровдун унаасынын күйүүчү май маселесине көмөк катары айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 2017-жыл үчүн 5 000 (беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн башчысы А.Жаңыбаевке жана ФЭБнүн башчысы Л.Жунусовага милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин тиешелүү комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |