Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №19
Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн имаратынын астындагы 5 сотык жерди ҮДТна жаңы имарат куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндө
Айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевдин сунушун угуп жана талкуулап ҮДТнын имаратынын эскиргендигине байланыштуу жаңы имарат куруу үчүн Ничке-Сай айылдык кеңенинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын өкмөтүнүн имаратынын астындагы 5 сотык жер ҮДТна жаңы имарат куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документацияларын даярдап берүү жагы Токтогул райондук мамлекеттик архитектура башкармалыгынан жана мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Жаңыбаевке жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |