Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-августу № 22
Какеев Тажини Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Граммотасына сунуштоо жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» жана башка төш белгилердин, наамдардын ээси Какеев Тажинин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ничке-Сай айыл аймагынын тургуну, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» жана башка төш белгилердин, наамдардын ээси Какеев Тажини Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасына сунуштоо жагы райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү жетекчилеринен суралсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |