Загрузка документа…
НИЧКЕ-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-августу № 24
Пенсия, жөлөк пулдун өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши жөнүндө
Ничке-Сай айыл аймагы боюнча почта байланыш бөлүмүн кызматкери Тоялиева Бактыгүл Чымбаевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ничке-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Пенсия, жөлөк пулдун өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши боюнча 2017-жылдын алты айлык жыйынтыгында жүргүзгөн иштер канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Мындан ары дагы пенсия, жөлөк пулдун өз убагында төлөнүп туруусу жана тейлениши боюнча мындан дагы жакшы сапатта иш алып баруу жагы почта байланыш бөлүмүнүн кызматкери Б.Тоялиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..
4. Бул токтом www.nichke-say.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Т. Эрмекбаев |