Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казан-Куйган айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын 26-сессиясы
2016-жылдын 28-апрели №1
Казан-Куйган айыл Өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде жыл башында калган
калдыктан 26,5 миң сомдун сметасын бекитүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебинде жыл башында калган калдыктан 26,5 миң сомдун сметасын бекитүү максатында Казан-Куйган айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2016-жылдын бюджеттик счетто жыл башында калган калдыктан 26,5 миң сомдун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин :
Башкаруу аппаратына
Ст.22211200- 24,0 миң сом ички жолдорду ондоого
Ст.22151400 – 2,5 миң сом документтердин аткарылышын контролдоо боюнча “Аскид” программасына
2. Бюджеттик эсептик счетко жыл башында калган калдыктын сметасын бекитип берүү жагы Нарын райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы башкы бухгалтер А.Шалтаевага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Солтонкулов
|