Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
2016-жылдын 16-июну №27-6/1
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин жана Кыргыз Республикасынын, Түрк Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси И. Жунусовдун, 2016-жылдын 9-июнундагы кир.№ 01-7/264 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, эки боордош элдердин ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарын бекемдөө максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаарынын мэриясына, 435 200 (төрт жүз отуз беш миң эки жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, Турк Республикасында Рамазан айына арналган жыл сайын өтө турган 7–фестивалына, Каракол шаарынын официалдуу делегациясынын жана чыгармачылык топтун катышуусу үчүн бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (М.С.Раматов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн
Төрага | Э.Айсаракунов |