Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну №27-6/2
Каракол шаардык депутаттар кеңешинин 2016-жылдын 11-мартындагы №26-38/1 "Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана2017-18-жылдарга болжол жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, унаа, жолдор, турак-жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын өкүлдөрү катышкан бирдиктүү отурумунун, Пржевальский атн.көчөсүнүн жолунун капиталдык ремонтуна акча каражатын табуу жөнүндөгү корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, ЖЧМИнин директоруна (У.Стамов), туруктуу комиссиялардын 2016-жылдын 13-июнундагы бирдиктүү отурумунун корутундусунун негизинде, 2016-жылга карата чыгаша сметасында каралган бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу сунушталсын (корутунду тиркелет).
2. Каракол шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысы (Ч.Ш.Акматов) төмөнкү бюджеттик ассигнованиелерди азайтсын:
"Суу түтүк" КИсине бөлүнгөн 1,300 (бир миллион үч жүз миң) сомду;
"Жашылдандыруу чарбасы" МИсинин 3100,0 (үч миллион бир жүз миң) сомду,
ЖЧМИнин бюджеттик ассигнованиелерин 4,400 (төрт миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүнө көбөйтүү үчүн жиберилсин жана ишкананын чыгаша сметасына тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Каракол шаарынын мэриясы, Пржевальский атн.көчөсүнүн жолун капиталдык ремонт жасоо максатында жана жергиликтүү бюджетте акча каражаты жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Ысык-Көлдү Өнүктүрүү фондунан тарабынан бөлүнгөн каражаттардын ичинен, 10000,0 (он миллион) сомду, төмөнкүлөрдү кыскартуу менен табылсын:
областтык балдар поликлиникасынын полун ремонттоо үчүн бөлүнө турган 1,700 (бир миллион жети жүз миң) сомду;
шаардын тротураларын оңдоого бөлүнө турган 15000,0 (он беш миллион) сомдун эсебинен 4000, 0 (төрт миллион) сомду;
Каракол шаарынын ар кандай долбоорлорун каржылоого деп каралган 800,0 (сегиз жүз миң) сомду;
шаарга кошумча бөлүнгөн 3500, 0 (үч миллион беш жүз миң) сомду;
ЖЧМИге, Пржевальский атн.көчөсүнүн капиталдык ремонтун жасоо үчүн, жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары берсин. .
4. Каракол шаарынын финансы бөлүмүнүн башчысы (Ч.Ш.Акматов), №2 бала-бакчасынын стимулдук грантын "Кошумча каржылоого" каралган бюджеттик ассигнованиелердин 704,7 (жети жүз төрт миң жети жүз) сомдун ичинен 50,0 (элүү миң) сомун, №2 бала-бакчага кошумча кичи тайпанын бөлмөсүн куруу үчүн бөлүп берсин жана мекеменин чыгаша сметасына тийешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык кызмат жөнүндөгү" Мыйзамдын 23-
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясыны (М.С.Раматовго) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов
|