Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну №27-6/4
"№7 жалпы билим берүү мектебинин терезелерин, чатырын алмаштыруу жана сырткы фасадын оңдоо" боюнча дем берүүчү гранттын долбоорун кошумча каржылоого акча каражатын бөлүп берүү
жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары Г.С.Толумбекованын маалыматын угуп жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII- чакырылышынын VI- сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Ч.Ш.Акматов), Каракол шаарынын бюджетинде пландаштырылган, сметалык баасы 2993,0 (эки миллион тогуз жүз токсон үч) сомду түзгөн “№7 жалпы билим берүү мектебинин терезелерин, чатырын алмаштыруу жана сырткы фасадын оңдоо” дем берүүчү гранттын долбоорун кошумча каржылоо үчүн, 748 200 (жети жүз кырк сегиз миң эки жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (М.С.Раматов), билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Исламова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов
|